Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

"Ал-Кайиданын" ана башы Усама бин Ладен өлтүрүлдү


Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама расмий жар салды. Ага чейин АКШнын бир катар маалымат каражаттары Усама бин Ладен Пакистандын борбор шаары Исламабаддын жанындагы үйүндө өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Президент Барак Обама "бин Ладен 2001-жылдын 11-сентябрында болгон трагедия үчүн жооптуу" деп белгиледи. Обама бин Ладенди кармоо же өлтүрүү АКШнын терроризмге каршы күрөштүн өзөгүн түзгөнүн айтты. Аны кармоо операциясын АКШнын чалгындоо кызматы өткөргөн. "Ок атышуудан кийин бин Ладен жок кылынды. Америкалык аскерлер жабыркаган жок", - деп кошумчалады Обама.

XS
SM
MD
LG