Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Бин Ладендин өлүмүн дүйнө лидерлери жылуу кабыл алышты


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен муну терроризмге каршы күрөшкөн НАТОнун өнөктөштөрүнүн жана башка мамлекеттердин коопсуздугу үчүн “ири жетишкендик” деп атады. Расмуссендин айтымында, Ооганстан кайрадан экстремизмдин очогуна айланбашы үчүн альянс ал жактагы миссиясын уланта берет. Кабулда болсо ооган президенти Хамид Карзай: “Бин Ладен Пакистанда өлтүрүлгөнү дагы бир жолу терроризмге каршы согуш Ооганстанда эмес экенин далилдейт”, - деди. Карзайдын айтымында, талиптер бул окуядан өздөрүнө “сабак алышы керек”. Нью-Йоркто жана Вашингтондо бүгүн көчөлөргө чогулган эл Усама бин Ладендин өлүмүн майрамдап жатышты.

XS
SM
MD
LG