Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Ливияда "каддафичилер" козголоңчулар ээлеген шаарды курчашты


Ливияда Каддафинин күчтөрү үчүнчү ири шаарда козголоңчуларга танкалар менен чабуул коюшту. Дарыгерлердин айтымында, Мисратада өткөн түнү бою жүргөн атышууларда кеминде алты адам набыт болду, ондогон киши жаракат алды. Шаарды Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин аскерлери курчап турушат.

Бүгүн Триполиде Каддафинин кенже уулунун жана үч небересинин таажиясы өтүүдө. Алар НАТОнун аскерлеринин абадан урган соккусунан өлгөнү айтылган. Кечээ демонстранттар нааразылык иретинде Британиянын жана Италиянын элчиликтерине чабуул коюшкан болчу. Буга жооп катары Британия Ливиянын элчисин өлкөдөн чыгарып жиберди.

XS
SM
MD
LG