Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Бин Ладен жана АКШ-Пакистан алакасы


Усама бин Ладендин Интернетте пайда болгон эки сүрөтү. Пакистан сыналгысы бин Ладендин өлгөндөн кийинки береги сүрөтү тастыкталбаганын билдирди.
Усама бин Ладендин Интернетте пайда болгон эки сүрөтү. Пакистан сыналгысы бин Ладендин өлгөндөн кийинки береги сүрөтү тастыкталбаганын билдирди.

Усама бин Ладендин өлүмү кезегинде АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш чоң казат жарыялаган эл аралык террорчулукка чоң сокку урду.

Ошол эле убакта бул өлүмдүн иш жүзүндөгү мааниси анчейин эмес. Себеби Усама бин Ладен жетектеген "ал-Кайида" уюму акыркы 10 жылда бин Ладен аки-чүкүсүнө киришпеген, бири бири менен анчейин терең катнашы болбогон майда уюшмалардын топтомуна айланып калган.

Жорж Буш кезегинде Усама бин Ладенди "жердин астынан болсо да табыш керектигин" айткан эле:

– Бир кездери Американын батышында "тирүү же өлүү болсо да табылсын" деген жарнак болоор эле. Мен ошондой акыйкаттыкты каалайм.

АКШнын ошол кездеги президентинин 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдан кийин айтылган каалоосу мына дээрлик 10 жылдан кийин, Жорж Буштун ордун баскан Барак Обаманын мезгилинде ишке ашып отурат.

Ньюйорктуктар бин Ладендин өлүмү тууралуу кабарды кубаныч менен тосуп алышты. 2-май, 2011-жыл
11-сентябрдагы чабуулдан кийинки жылдары бул жихадчы кыймыл Йемен, Алжир, Ирак сыяктуу ар кыл өлкөлөргө жайылып, ал жерлерде исламчыл согушкерлер "ал-Кайиданын" борбордук жетекчилигинен көз карандысыз иш алып барып калышкан.

Мына ушул борборсуздашуу менен бир мезгилде америкалык жана союздаш күчтөр "ал-Кайиданын" башка улук кол башчыларын кармап, же жок кылышты.

Британиядагы Брэдфорт университетинин Тынчтыкты изилдөө институтунун профессору Пол Рожерстин айтымында, мунун баары Усама бин Ладенди "ал-Кайиданын" иштерине дээрлик аралашпаган, ардактуу эс алуудагы кор башыга айлантты:

– Бул террорго каршы күрөштөгү чечүүчү көз ирмем деп айта албайм. Бул АКШ үчүн зор мааниге ээ, айрыкча Нью-Йоркто кубанышат. Бирок иш жүзүндө бин Ладен "ал-Кайида" кыймылында анчейин деле таасирлүү эмес болчу, кыймылдын өзү да чачыранды.

Британиялык профессор бин Ладендин өлүмү келечектеги террордук чабуулдарды болтурбай койо албайт деген пикирде.

Бин Ладен 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорктогу Дүйнөлүк Соода Борборуна террордук аба чабуулдарды уюштурганын үч жылдан кийин ачык мойнуна алган.
Деген менен "ал-Кайиданын" канаты астында аракеттенген жихадчылар үчүн ана башынын өлүмү психологиялык жоготуу экендиги шексиз. Бул тууралуу Лондондогу Чэтхэм изилдөө борборунун изилдөөчүсү Маха Аззам:

– Бул символикалык абдан чоң сокку. Буга чейин бирдиктүү бир уюм тууралуу сөз кылуу кыйын болчу. Дүйнөнүн ар жагында "ал-Кайиданын" бөлүмдөрү жана ымалаш уюмдары бар. Ошентсе да Усама бин Ладендин өлүмү аны пир туткан уюм үчүн ири сокку болуп калгандыгында шек жок.

Мындай көрүнүктүү жетекчинин жок кылынышы аны ким алмаштырат деген суроону пайда кылат. Анын ордуна орун басары Айман ал-Завахири келиши мүмкүн. Бирок теги египеттик, кезегинде балдар дарыгери болуп иштеген ал-Завахири уюмдун башкы идеологдорунун бири болгону менен, билгендер анын экстремисттерди өз артынан ээчитип кетүүгө даремети чектелүү экендигин айтып келишет.

Ушуга байланыштуу азыр бин Ладендин өлүмүнө байланыштуу Пакистан-Америка алакаларга көлөкө түшүргөн жагдайларга көбүрөөк сөз кылынат шекилдүү. Бин Ладен эгер Ооганстандын тээ алыскы жалама аскаларындагы үңкүрлөрдө жүргөн болсо бир жөн. Аны Пакистан армиясы жайгашкан шаарда өлтүрүлүшү АКШ менен Пакистандын мамилесинде бир топ татаал маселелер бар экендигин айкындап койду.

XS
SM
MD
LG