Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:42

Иран сыналгысы: "Израил аскер учактарын Иракка жайгаштырууда".


Ирандын Press TV телеканалы Израил Ирандын чабуулунан коргонуш үчүн АКШнын Ирактагы аскер базасына учактарын жайгаштырып жатат деп кабарлады. Маалымат Ирактагы шийи крелиги Муктада ас-Садрга жакын адамдардын биринен алынганы айтылат. Пентагон муну четке какты. Израилдин аскерий жетекчилигинин расмий өкүлү мындай план тууралуу эч кабары жок экенин билдирди. Анын алдынан кечээ Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Холокосттун курмандыктарын эскерүү күнүнө даярдык учурунда Иранды мурдагы нацисттик Германияга салыштырып, “эгерде кимдир бирөө бизди жок кылам деп жатса, бул коркунучту биз көңүл жаздымында калтырбашыбыз керек” деген болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG