Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Сирияда жүздөгөн киши камалды


Сириянын коопсуздук органдары жекшембиде Дераа шаарында 10 кишини өлтүрүп, 499 кишини камакка алды. Бул тууралуу Сирия куралдуу күчтөрүнүн басма сөз өкүлү билдирди. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, 15-40 жаш аралыгындагы эркектер кармоочу жайларга жеткирилген. Дераа шаары президент Башар Ассаддын репрессивдүү режимине каршы нааразылык акцияларынын очогуна айланган. Өткөн айда армия калааны өз көзөмөлүнө алуу үчүн танктарды колдонгон. Камакка алуулар башка шаарларда да болгону маалымдалууда. Укук коргоочулардын ырастоосунда, нааразылык чыгуулары башталган март айынан бери Сирияда кагылышууларда бери дегенде 560 карапайым киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG