Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Шайлоолор жөнүндө мыйзамдар парламенттик угууда талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитети Шайлоолор жөнүндө мыйзамдар боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Анда парламент биринчи окууда кабыл алган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын шайлоо жөнүндө” жана “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдар талкууга алынмакчы. Талкууга депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана Венеция комиссиясынан, ЕККУдан эксперттер катышып, өздөрүнүн сунуштарын беришет. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG