Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү


БУУнун Башкы ассамблеясы 3-майды Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү катары 1993-жылы жарыялаган. Буга байланыштуу “Журналисттер” коомдук бирикмеси Журналисттер аллеясында “Сөз жок сөз эркиндиги” деген аталыштагы республикалык карикатура жанрындагы сүрөттөрдүн көргөзмөсүн өткөрөт. Ага мыкты делген 50 сүрөт тандалып алынган.

Ачык асман алдында журналисттер үчүн блиц-сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилерин “Журналисттер” бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев “Азаттыкка” кабарлады. Токоев бийлик алмашкан бир жыл ичинде Кыргызстанда журналисттерди куугунтуктоо же кодулоо фактылары орун албаганы менен, кыргыз журналистикасы жоопкерчиликтүү боло албай жатканын кошумчалады.

Бүгүнкү иш-чаранын алкагында журналисттерге “Пресса” деген жазуусу бар жилеттер таратылат. Иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси, Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциациясы колдоо көрсөтүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG