Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы, азыркы мезгилде оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков өзбек тарап өзүнө каратып алган Чек айылындагы окуя, анын укуктук маселелери боюнча "Азаттыкка" кеп салып берди.

“Азаттык”: -Исмаил мырза, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Чек айылын өзбек күчтөрү иш жүзүндө өздөрүнө каратып алышты. Бул окуя 19-апрелде орун алган. Ага карата биздин бийлик 30-апрелде нота жиберүү менен чектелди. Башка арга, же чара көрүүнүн жолдору бар беле?

И. Исаков:- Албетте, мамлекет болгондон кийин өзүбүздүн жерибиздин ар бир укумун коргоп калууга мүмкүнчүлүгүз да, күчүбүз да , шартыбыз дагы бар. Бул окуя биздин бийликтин шалаакылыгы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ишти билбегендигинен жана чек ара кызматчылардын өздөрүнүн милдетин аткарбагандыгынан, жалпылап айтканда бийликтин туура эмес ишинин негизинде болуп жатат.

“Азаттык”:- Чек айылын коргоонун укуктук базасы барбы? Биз эл аралык уюмдарга кайрылып, маселени чече алабызбы?

И. Исаков:-Албетте, биздин бийлик эл аралык жана өзүбүздүн ички мыйзамдардын баарын так сакташ керек эле. Бирок алар сакталган жок. Мен бир нече мисал келтирейин. Алгач ички мыйзамдардын бузулушу боюнча, биздин Конституциянын үчүнчү беренесинде чек ара кол тийгис, бөлүнгүс деп жазылган. Бул Конституцияны азыркы президент К.Бакиев 2007-жылы сунуш кылып, кабыл алынган. Демек, президент өзү Конституциянын кепили болгондон кийин, аны ыйык сакташ керек эле. Бул биринчи бузулуш. Экинчи “Чек ара жөнүндө” мыйзам бузулду. Үчүнчү “Улуттук коопсуздук жөнүндө” мыйзам бар. Анын автору менмин. 2003-жылы жазылган. Анын тогузунчу беренеси бузулду. Бул мыйзамдардын баары бузулгандан кийин, жерди берип койгондон кийин жетекчилер жумуштан алынып, ал эмес мыйзам чегинде жоопкерчилиги өтө катуу болуш керек. Ошол жерди эмне үчүн алдырдың, эмне үчүн Улуттук коопсуздук боюнча комитет окуянын алдын-алууну эскерткен жоксуң, күч органдарын даярдап, аскерди, чек кызматчыларын койдуруп койбодуң деген талап болуш керек эле. Мына ошентип муну менен ички мыйзамдар бузулду.

Экинчи, тышкы мыйзамдар бузулганы боюнча, 1991-жылы КМШ мамлекеттери уюшулуп жатканда Минскиде келишим түзүлгөн. Ошондо жазылып калган, бөлүнүү учурундагы административдик чек араны тааныйбыз деген. 1991-жылы декабрда Алма-Атада декларация кабыл алынган.

“Азаттык”: - Бул декларация Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда кабыл алынган да?...

И. Исаков:- Ооба, ал дагы бузулду. Анда да административдик чек араларды тааныйбыз деп жазылган. Андан сырткары 1996-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол койгонбуз. Мына ошол келишимдин бир бөлүгүндө чек араны тааныйбыз жана аларды ыйык сактайбыз деп жазылган. Андан башка 1998-жылы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге коюлган. Анда да чек араларды тааныйбыз деп жазылган. Демек, биздин ички мыйзамдар, тышкы эл аралык мыйзамдар бузулуп жатат. Алар бузулгандан кийин биз мыйзам чегинде кандай чара көрүшүбүз керек эле? Бизде өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактай турган Жамааттык коопсуздук келишими (ЖККУ) деген уюм бар. Ошол уюмдун
жобосунда айтылган, эгерде уюмдун кайсы бир мүчөсүнүн аймагына кол салынып, басып алынса, анда ал жалпы уюмдун мүчөлөрүнө кол салгандай болот деп. Ал уюмдун курамында Россия, Казакстан, Армения, Тажикстан, Беларусь, Кыргызстан бар. Ошол эле Өзбекстан да кайтып кирген. Демек, биз ошол эле күнү маселени ЖККУда коюшубуз керек эле. ЖККУнун жетекчилигине кат жолдоп, биздин мыйзамдарды, келишимдерди бузганын, биздин кыштакты ошол эле ЖККУнун мүчөсү ээлеп алды деп маселени кабыргасынан коюп, маселени ошол жерде карап чечели, андай болбосо ЖККУдан чыгуу,же калуу, же кыштакты кайтарып алуу маселесин коюш керек эле. Биздин бийлик андай жолго барган жок. Он бир күндөн кийин тышкы иштер министрлик бирөөдөн коркуп, токмок жегендей болуп “мыйзамдарды бузуп” дегендей нерселерди жазып жатпайбы. Муну буздуң, тигини буздуң деп, ачык, так жазып, агрессор катары айыптайбыз деп айтыш керек эле. Мына ошондой жер берилгенден кийин президент дагы өзүнүн жоопкерчилигин мойнуна алыш керек.

“Азаттык”: -Кыргызстандын Өзбекстан менен чек арасы делимитация болуп бүтө элек. Чек арада талаштуу учасктоктор ондоп саналат. Кыргыз бийлигинин унчукпай кала берүүсү Чектегидей кырдаалдын, басып алуунун кайталанышына алып келбейби?

И. Исаков: - Албетте алып келет. Ошондойлорду кайталануусуна алып келбеш үчүн кол койгон мыйзамдарды чек ара маселени толук чечилгенге чейин ыйык сакташ керек.Кыргызстан дагы, Өзбекстан дагы ошол келишимдердин бир бөлүкчөсүн дагы бузбаш керек. Ошону биз эл аралык уюмдардын, мыйзамдардын күчү менен, эки элдин илгертен келе жаткан достугу менен, бир мусулман эл болгондон кийин, ошонун баарын колдонуп, басып алуучулукту токтотуш керек. Алардын басып алууга акысы жок. Эгер басып алса, биз аларды баскынчы деп эсептеп, эл аралык жоопкерчиликке тартканга бүткүл күчүбүздү жумшашыбыз керек. Эгерде ЖККУнун күчү жетпесе, анда айтышыбыз керек, эмне үчүн биз бул уюмга мүчө болуп турабыз? Биздин аймактык бүтүндүктү сактаганга жардам
бербесеңер, анда мындай достордун кереги барбы деген суроо туулуш керек да? Андай болсо, демек андай достордун кереги жок, мен мына бул жерде турган Американын базасынан күч сурармын деш керек. Ушундай маселени койгондо гана өзүбүздүн жерди сактаганга мүмкүнчүлүк туулат.

"Азаттык": - Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG