Бүгүн БШК президенттикке ыктымал талапкерлердин кезектеги ыйгарым өкүлдөрүн каттоого алары күтүлүүдө. Кечээ “Ак шумкар” партиясы өз лидери Темир Сариевди талапкердикке көрсөтүү тууралуу курултайдын чечимин БШКга тапшыргандыгы маалымдалган. Жалпысынан буга чейин президенттикке талапкер болуу тууралуу 9 арыз тапшырылган. (BuS)