Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

А.Мадумаров:Чек айылындагы көйгөйдү эки тараптуу комиссия иликтеши керек


Коопсуздук кеңештин катчысы Адахам Мадумаров мындай пикирин улуттук коопсуздук боюнча стратегия кабыл алынган жыйындан кийин билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан менен чектеш Ноокен районундагы Чек айылындагы кырдаал Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө турат. Бирок кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу комиссиясы иликтеп туруп, бир чечимге келиш керек деген А.Мадумаров Чек айылындагы маселени Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров менен Өзбекстандын Андижан облусунун акими Ахмаджан Усманов баштаган делегациясынын Андижандагы жолугушуусунда талкууланып жаткандыгын жана ал абалды жөнгө салууга бир кадам болот деп билдирди. Эки тараптын делегацияларынын курамында иштер башкармалыктарынын башчылары жана чектеш райондордун акимдери бар. Жалал-Абад облус администрациянын басма сөз катчысынын билдирүүсү боюнча жолугушуу эки тараптуу достук мамилени жана чектеш аймактагы тургундардын катнашын жакшыртуу жолдору талкууланып жатат. Өзбекстандын чегарачылары 19-апрелде Ноокен районундагы Чек айылын өзүнө караткан тосмолорду коюп, жергиликтүү тургундар президентке чейин кайрылуу жолдошкон. Бул окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нааразылык нотасын жиберген. Өзбекстандын мамлекеттик чегараны коргоо комитети 8-майда Чек айылы Өзбекстанга тиешелүү деген билдирүү таратып, анда кыргыз тараптын чегарачылардын аракетин мыйзамсыз деп тааныгандыгын түшүнүксүз деп белгилеген.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG