Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

БШКнын төрагасы Коммунисттик партиянын өкүлү менен жолугушту


Дамир Лисовский менен Жогорку Кеңештин депутаты Анаш Сейитказиевдин жолугушуусунда президенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси талкууланган. Ушундай эле жолугушууну БШК төрагасы Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов менен 11-майда өткөргөн. Жолугушууларда Лисовский БШКа президенттик шайлоону мыйзамга ылайык, ачык, адилет өткөрөрүн билдирген. Ал ошондой эле эл аралык байкоочулар Кыргызстан мыйзамдарынын алкагында добуш берүүгө байкоо жүргүзө аларын да белгилеген. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG