Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

"Пенсионерлер" “Азия курулуштун” баш директорун бошотууну сурашууда


Пенсионерлер партиясы “Азия курулуш” компаниясынын баш директорун камактан бошотууну сурашууда. Ушундай эле сураныч менен “Таза аба” курулуш комплексинин 40 үлүшчүсү да президент Курманбек Бакиевге жана Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылышты. Бул тууралуу партия лидери Замира Шабданалиева билдирди. Компаниянын директору Адина Турдубаева 9-майда Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Буга акча төлөгөн кардарлардын арыздары негиз берген. Алар компания акчасын алып, бирок, үйлөрүн куруп бербей жатат деп арызданышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG