Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

БШК президенттик шайлоо мыйзам бузуусуз өтөрүн убада кылууда


БШК төрагасы Дамир Лисовский кечээ Коммунисттер партиясынын төрага орун басары Анаш Сейитказиев менен жолугушууда ушинтип билдирди. Лисовскийдин айтымында райондук, облустук шайлоо комиссиялары түзүлүп бүттү. Алардын курамына кирген партиялардын катарында “Ак жол”, СДП, Коммунисттер, “Ата мекен”, “Ак шумкар”, “Жаңы Кыргызстан” партиялары бар. Жолугушууда айтылганга караганда шайлоону 32 маалымат каражаты чагылдырат. Жергиликтүү жана Эл аралык байкоочуларга мыйзам чегинде шайлоого көз салууга тыюу салынбайт.
Оппозиция өз кезегинде Президенттин жана “Ак жол” партиясынын өкүлдөрүнөн куралган БШК президенттик шайлоодо парламенттик шайлоодогудай эле мыйзам бузууларга барарын эскертип келатат. Бир күн мурда БШК төрагасы менен жолугушууда СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов шайлоо комиссиясынан мыйзам бузуусуз, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылды.(BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG