Бул тууралуу кечээ мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу менен авторлор тобунун жолугушуусунда белгилүү болду. “Кыргызстандын байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы” деген аталыштагы бул китеп 15 томдон туруп, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин базасында жазылат. Китепти жазууга аттуу-баштуу Кыргызстанда жана чет өлкөдө жашаган 250 окумуштуу, адабиятчы жана маданий ишмер катышат. Автордук топтун башында турган тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда китептин алгачкы тому 2010-жылдын 24-мартында чыгаары болжолдонууда. Келечекте бул китеп орус жана англис тилдеринде да басылмакчы. (BuS)