Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешине мүчө болуп шайланды


Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда 12-майда БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында уюмдун Башкы Ассамблеясынын 63-сессиясынын алкагында БУУнун адам укуктары боюнча Кеңештин жаңы 18 мүчөсүн шайлоо өттү. Шайлоодо адам укуктары боюнча Кеңешине мүчөлүккө талапкер Кыргызстанга БУУга мүчө 192 мамлекеттин 174ү макул деген добушун берген. Аталган Кеңештин курамына Кыргызстандан башка АКШ, Орусия, Норвегия, Бельгия, Куба, Кытай жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү шайланган. Кыргызстандын Кеңешке мүчө болуп киргизилиши демократиялык кайра куруу жана адам укуктарын коргоо багытында өлкөнүн жетишкендиктеринин эл аралык коомчулук тарабынан бааланышы, деп белгиленген ТИМдин маалыматында. (AJ)

XS
SM
MD
LG