Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Нарындын 105 жаштагы тургуну Жеңиш майрамына карата сый колдоодон кур калган


Нарын районунун Байгазак айылынын 105 жаштагы тургуну Жамиля Бекмуратовага оорукта кызмат кылганына карабай Улуу Жеңиштин 64 жылдыгына арналган сый колдоолор берилген эмес. Мындай маалыматты анын уулу Жеңишбек Бекмуратов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кары адамга эч кандай көңүл да бурулган жок, пенсиясынын өлчөмү бир жарым миң сомго жетип жетпейт. Ардагер өмүрлүк жубайы Мамбетакун Бекмуратов менен өмүр бою Байгазак айлындагы мектепте мугалим болуп иштеген. “Атамдын ысмы мектепке берилген, апам экөө Жакып Төлөмүшов, Асек Жумабаев сыяктуу атактуу адамдарды окутушкан”, - дейт Бекмуратов. Ал эми Байгазак айылы караган Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Улан Жаанбаев аталган айылдык округ боюнча төрт ардагерге бөлүнгөн каражаттар берилгендигин билдирип, бул боюнча тактоо жүргүзөөрүн кошумчалады. (JI)

XS
SM
MD
LG