Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Туз айылындагы мугалимдерден К.Бакиевдин плакатына акча кармап жатышат


Бул тууралуу Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин атын атабоону өтүнгөн мугалими “Азаттыкка” телефон аркылуу маалымдады. Анын айтымында, жогору жактан буйрук болду деген шылтоо менен райондук билим берүү бөлүмү президент Курманбек Бакиевдин сүрөтү түшүрүлгөн плакаттарды сатып аласыңар деп мугалимдерге күчтөп таңуулоодо. Аталган мектептин мугалимдеринин айлыгынан жалпысынан 1800 сомду кармап калышкан. Бул маселе боюнча Кочкор районунун билим берүү бөлүмү менен кабарлашууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү бөлүмүнүн адиси Виктория Балтиева аталган министрлик тарабынан К.Бакиевдин плакатын сатып алууга жана башка шайлоо иштерине байланыштуу эч кандай көрсөтмө болбогонун билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG