Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

АКШнын Сенаты Кыргызстанга каражат берүүгө макул


АКШнын Сенаты Кыргызстандын аба транспорт тармагын өнүктүрүү үчүн 30 миллион доллар бөлүүгө макулдук берди. Эл аралык маалымат агенттиктери ал каражат АКШнын Кыргызстандагы Манас авиабазасын калтырууга макулдашса гана берилиши мүмкүн деп кабарлап жатышат. Кыргыз өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Айбек Султангазиев “Азаттыкка” кыргыз бийлиги АКШнын авиабазасын чыгаруу боюнча чечим кабыл алып, келишимди токтотуу жөнүндөгү мыйзамга президент кол койгондон кийин ал кайра бузулбайт жана аны аткаруу керек деп билдирди. Анын айтымында, эгер АКШ каражатты бере турган болсо “Манас” аэропортун жакшыртууга жумшалышы мүмкүн, бирок анда АКШнын авиабазасын калтыруу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Кыргыз парламенти АКШ авиабазасы чыгарылсын деген чечим кабыл алып, ТИМ нотаны АКШнын элчилигине тапшырган жана аны аткаруу мөөнөтү ушул жылдын август айында аяктайт. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG