Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

К.Кабилова: Мага президенттин уулу чалып, коркуткандай көрүнгөн


БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова мындай пикирин 24.kg маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, Москвага качып кетүүсүнүн жана видеобилдирүү жасоосунун артында эч ким турган эмес, мындай аракеттерди ал шайлоо өнөктүктөрүнөн чарчагандыгынан улам өз кызыкчылыгы үчүн гана жасаган. Ал эми президенттин уулу Максим Бакиев телефон чалып коркутту деген билдирүүсүнө азыр негиз жокпу деп күмөн санап жаткандыгын жана бирөө тамашалап телефон чалып коркутуп коюшу мүмкүн экендигин билдирди. 2005-жылдагы парламенттик шайлоо бурмаланды деген дооматтарга негиз жоктугун, шайлоо таза, калыс өткөндүгүн жана алдыдагы президенттик шайлоо да бурмаланат деп жаткан оппозициянын божомолу туура эместигин билдирип, шайлоонун таза өтүшүнө ишенбеген саясатчы ага катышпасы керек деп белгиледи.(BD)

XS
SM
MD
LG