Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 09:17

Армения Тоолуу Карабак боюнча турумун өзгөртпөсө Түркия чек араны ачпайт


Түркия Армения Тоолуу Карабак боюнча позициясын өзгөртпөсө орток чегараны ачпайбыз деп Азербайжанга убада берди. Премьер-министр Режеп Таип Эрдоган мындай билдирүүнү Бакуда Азербайжандын башчысы Илхам Алиев менен жолугушуудан кийнки маалымат жыйынында жасады. Анкара менен Еревандын жакындашуу аракеттери Азербайжанды бейпага салууда. Түркия Армения менен чек араны 1993-жылы Тоолуу Карабак жаңжалы тутанганда Бакуга колдоо көргөзүү иретинде жаап салган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG