Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Ө.Текебаев: Кабилованын билдирүүлөрү - коопсуздук ыкмасы


БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова Кыргызстанга коопсуз учурдан пайдаланып келди жана аны бийлик менен макулдашып алды деп айтууга негиз жок. Мындай пикирин “Азаттыкка” “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтты. Оппозициялык лидер ошондой эле оппозициялык топ менен Кабилованын Москва жолугушуусунда ортодо айтылган сөздөрдү Кабилованын макулдугусуз айта албастыгын белгилеп, экс-төрайымдын Бишкектеги билдирүүлөрүн коргонуу ыкмалары катары баалады. Кыргызстанга кайтып келген БШКнын мурдагы төрайымы “24kg” агенттигине берген интервьюсунда президенттин уулу Максим Бакиев телефон чалып коркутту деген билдирүүсүнөн кайра күнөм санап жаткандыгын, 2005-жылдагы парламенттик шайлоо таза, калыс өткөндүгүн жана алдыдагы президенттик шайлоо да бурмаланат деп жаткан оппозициянын божомолу туура эместигин билдирип, шайлоонун таза өтүшүнө ишенбеген саясатчы ага катышпасы керек деп айткан. Президенттин уулу коркутту деп былтыр октябрда Москвага качып кеткен Кабилова калтырган видеотасма боюнча кылмыш иши ачылып, бирок, башкы прокуратура жабырлануучу арыз берген жок деген негиз менен ишти жаап койгон. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG