Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

К. Абдымен: АКШ базасын Бишкекте калтыруунун мыйзамдык жолдору табылат


Мындай пикирин саясат таануучу Кубан Абдымен “Азаттыктын” түз ободо суроосуна жооп берип жатып билдирди. Абдымендин айтымында АКШ Кыргызстан ортосунда, маселен, жаңы келишим түзүүгө тоскоолдук жок. Кечээ дүйнөлүк маалымат каражаттары АКШ сенаты Кыргызстанга 30 млн. доллар берүүгө макул болгону, АКШ бул каражатты Кыргызстан аба-аскерий базаны калтырууга макул болсо гана которууну көздөп жатканын жазды. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы базаны калтыруу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, анткени, базаны чыгаруу чечими кабыл алынып, ратификацияланып, президент аны бекиткен деп билдирди. Ратификацияланган документке ылайык АКШнын Кыргызстандагы аба-аскерий базасы 18-августта чыгып кетиши керек.(BuS)

XS
SM
MD
LG