Өлкөнүн 9 штатында өткөн шайлоодо 100 миллионго жакын киши добушун берди. Жалпысынан парламентте 543 орун бар. Шайлоонун жыйынтыктары 16-майда белгилүү болуп, парламент ишин 2-июнда баштамакчы. Парламентте көпчүлүк орунду бийликтеги Индиянын Улуттук конгресс жана оппозициялык коалициянын өкүлдөрү ээлейт деп күтүлүүдө.