Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Түркия Азербайжанга кайрадан колдоосун билдирди


Азербайжан менен Тоолуу Карабак чатагына карата турумун өзгөртмөйүн, Түркия Армения менен чек араны ачпайт. Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Түркия менен Армения ортосундагы чек аралар ачылышы ыктымал деген кабарга буга чейин Азербайжан бийлиги тынчсыздануусун билдирип келген. 1993-жылы Азербайжанга Тоолуу Карабак чатагында тилектештик билдирүү максатында Түркия Армения менен чек арасын жаап койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG