Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Шаардык сот БШКга каршы берилген арызды канааттандырган жок


Мындай маалыматты “Азаттыкка” сотко арыз берген укук коргоочу Максим Кулешовдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, шаардык сот БШКнын маалыматын туура деп тапкан район аралык соттун чечимин күчүндө калтырды. Арыз берген Максим Кулешов БШК 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо берилген добуштар тууралуу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоосун, аны менен жарандардын маалымат алуу укугун коргоосун талап кылган. БШКнын өкүлү бүгүнкү сотто да райондук шайлоо участкаларынын маалыматын көрсөтө алган жок, демек БШКда жашыра турган нерсе бар деген адвокат Нурбек Токтакунов соттун ушундай чечимге келээрин күн мурунтан күткөндүгүн кошумчалады. Укук коргоочу Максим Кулешов болсо чет өлкөлөрдөн саясий башпаанек сурап, Кыргызстандан чыгып кеткен.(BD)

XS
SM
MD
LG