Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

АКШ президенти террорчулукта шектелгендер кордолгону боюнча сүрөттөрдүн жарыялануусун максатка ылайыксыз деп эсептейт


Соттун чечимине ылайык, америкалык аскерлер террорчулукта шектелгендерди коргоп жаткан учурлар тартылган ондогон сүрөттөр май айынын соңуна чейин жарыялануусу керек эле. АКШ администрациясы эми сотто бул чечимдин жокко чыгарылышына жетишүүнү көздөөдө. Президент Барак Обама сүрөттөрдүн жарыялануусуна мурда каршы чыккан эмес. Бирок ал кечээги сөзүндө белгилегендей, сүрөттөр АКШнын аскер кызматчыларына карата кастыкты күчөтүп, алардын өмүрүн коркунучка кептөөсү мүмкүн. Анткен менен Обаманын айтымында, ал мурдагы администрациянын учурунда атайын кызматтар сурак жүргүзүүнүн катаал ыкмаларын колдонгон учурлар тергелүүсүн талап кылат.

XS
SM
MD
LG