Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Ишкерликти текшерүү көзөмөлгө алынат


Бүгүн президент Курманбек Бакиев “Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө” жардыкка кол койду. Ага ылайык ишкерлерди укуктук жактан коргоо күчөтүлүп, текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби өркүндөтүлөт жана ишкер субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсү жоюлат жана аларды текшерүү прокуратуранын каттоосунан өткөндөн кийин гана жүргүзүлөт. Ага негиз берген мыйзам актыларын Башкы прокуратура менен тиешелүү мекемелер үч ай ичинде даярдашат. (BD)

XS
SM
MD
LG