Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Рим папасы бүгүн Назаретте диний жөрөлгө өткөрдү


Йордандын Батыш жээгиндеги жана азыр Израилдин оккупациясында турган бул шаарда байыркы ылакап боюнча Иса пайгамбардын бала чагы өткөн. Ал жердеги диний жөрөлгөгө он миңдеген адамдар катышты. Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Жакынкы Чыгышты өткөн аптадан бери кыдырууда. Израилге жана Палестин аймактарына келгенден бери ал Израилдин президенти Шимон Перес, Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бенедикт XVI кечээ Махмуд Аббас менен жолугушуусу учурунда да Ватикан көз карандысыз палестин мамлекети түзүлүүсүн колдоорун кайталады. Израилдин Биньямин Нетаньяху жетектеген азыркы өкмөтү болсо жөөт-палестин чатагын кош мамлекет жолу аркылуу чечүү боюнча коомчулук алдында милдеттеме алуудан азырынча баш тартып келүүдө.

Бул аралыкта жөөт өкмөт башчысы бүгүн Иорданияга барып, падыша Абдалла менен жолукту. Жолугушуу Биньямин Нетаньяхунун келерки аптада АКШда башталуучу сапары алдында болду.

XS
SM
MD
LG