Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Кыргызстан менен АКШнын мамилеси учурда сыноо мезгилди башынан өткөрүүдө.Буга чейин Бишкек АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын базасын Манастан чыгаруу чечимин кабыл алган. Бирок АКШ база боюнча кызматташууларды улантууга кызыкдар экени тууралуу ишаараларды берүүдө.

АКШнын Сенаты жакында чечим кабыл алды. Ага ылайык америкалыктар Манас аба майданынын навигациялык жабдуулары үчүн 30 миллион доллар бөлө турган болду. Бирок ал каражат Кыргызстанга тийиш үчүн АКШ Манаска учуп-конуу укугунан ажырабаш керек.

Андан сырткары Кошмо Штаттар келерки жылы экономикалык жардамды Кыргызстанга быйылкы жылга караганда дээрлик эки эсеге көбөйтүүнү караштырууда. Маселен, быйылкы жылы экономикалык жардамдын көлөмү 24 миллион 400 миң доллар болсо, эмки жылга 41 миллион 500 миң доллар өлчөмүндө белгиленүүдө. Белгилүү болгондой АКШда финансылык жыл 1-октябрдан тарта башталат. Куралдуу күчтөргө жардам берүүдө быйыл 800 миң доллар каралса, келерки жылга 2 миллион 900 миң доллар каралууда.

АКШ тараптан каржылык жардамдын көбөйүшү айрым оппозиция лидерлеринин Манас базасы боюнча сүйлөшүү жашыруун жүрүп жатат деген пикирлерин тастыктагандай.

Бирок бийлик өкүлдөрү Вашингтон менен эч кандай сүйлөшүүлөр жок экенин гана билдиришүүдө. Маселен, Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов аны дагы бир жолу кайталады:

-Манас аскер базасы боюнча чечим кабыл алынган. Ага байланыштуу мыйзамдардын, тийиштүү документтердин баарына кол коюлган. Америка тарап жана коалицияга кирген мамлекеттердин бардыгы тийиштүү ноталарды алышкан. Бул боюнча кандайдыр бир башка чечим жок.

Турдумаматов ошондой Сенат бөлгөн каражат АКШнын ички жол-жоболорунан өтүп бүтө электигин жана анын Кыргызстанга берилбей калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Манасты пайдалангандыгы үчүн АКШ Кыргызстанга жылына 150 миллион доллар өлчөмүндө жардам берүү макулдугун берип, тийиштүү келишимге тараптар жетишкен. Бирок кыргыз тарап кийинчерээк ал келишим аткарылбай жатканын билдирген. Мына ошол 150 миллион доллар боюнча келишимдин авторлорунун бири, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов база
боюнча жашыруун сүйлөшүүлөр болуп жатат дейт:

-Сүйлөшүүлөр жашыруун жол менен, албетте жүрүп жатат. Анткени аба базасын көчүрүү, күпүлдөгөн менен АКШ үчүн деле оңой эмес.Башка өлкөгө барып, ушунчалык чыгымдарга батуу... кыйыныраак болуп калып жатат. Базанын бул жакта турганы ыңгайлуу болуп жатат. Ошондуктан сүйлөшүүлөр болуп атат, деген Мирослав Ниязов базанын Манаста калышы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына да туура келерин, анткени Ооганстанда кырдаал начарласа, ал жалпы регионго залакасы тиерин белгиледи.

Бул арада маалымат каражаттарында АКШ базасын Өзбекстандын Навои шаарынын аба майданына көчүрөт экен деген кабар чыкты. Кыргызстандык саясат таануучу Орозбек Молдалиев андай болуш мүмкүндүгүн белгилейт:

-Өзбекстандын Навоисине көчүшү реалдуу. Анын үстүнө Ташкен Навоинин аба майданын реконструкция кылганга Түштүк Кореядан акча алып жатат. Бирок Навоинин шартын Манастыкы менен салыштырууга эч качан болбойт. Аэродром өзү кичирээк. Ханабаддыкынан да шарттары начарыраак.

Саясат таануучунун пикиринде Кыргызстан менен АКШ элчиликтер аркылуу жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында база статусун өзгөртүп, транзиттик ролду аткарып калышы ыктымал. Ал эми базанын статусу өзгөрүүсү мүмкүндүгү тууралуу президент сөзүндө белгилеген дейт Молдалиев:

-Эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин Манастан кеткиси жок. Анын үстүнө президент К.Бакиев да Би-Би-Сиге интервью бергенде айтпады беле “жаңы форматта сүйлөшкөнгө даярбыз” деп. Анан ошон үчүн алар президенттин башкача форматта сүйлөшсөкпү деген сөзүн белги катары кабыл алып жатышат.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG