Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Пакистандагы уруштан улам 800 миңден ашуун адам жер которду


Улуттар уюмунун качкындар иши боюнча мекемесинин башчысынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн түндүк-батышынан Пакистандын өкмөттүк күчтөрү менен Талибан согушкерлери ортосундагы уруштан улам качууга аргасыз болгондордун саны 834 миңден ашты. Алар бул чөлкөмдөн былтыр жер которууга мажбур болгон 500 миң кишиге кошулду. БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары Антонио Гутеррестин айтымында, Пакистан трагедияны алдын алуу үчүн эл аралык комчулуктун ири жардамына муктаж. Гутеррес бүгүн качкындар лагерлерин кыдырды.

Пакистан армиясы өлкөнүн түндүк - батышындагы Сват өрөөнүндө жаңы операцияны өткөн айдын соңунда талибдер быйыл февраль айында жетишилген талаштуу тынчтык келишиминин соңунан аталган өрөөндүн айланасындагы райондордо да өз көзөмөлүн орнотууга аракеттенгенден кийин баштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG