Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

HRW: Ноокат окуясы акыйкатсыздыктын үлгүсү болуп калбаш керек


Ноокат окуясы акыйкатсыздык менен милиция ээнбаштыгынын үлгүсү болуп калбаш керек. Хьюман Райтс Вотч Эл аралык укук коргоо уюму тараткан билдирүүдө ушинтип айтылат. Уюмдун Европа, Азия боюнча өкүлү Холи Картнердин билдирүүдө белгилегенине караганда Жогорку Сот үчүн Кыргызстанда мындай мыйзамсыздыкка жол берилбестигин далилдөө шарты түзүлдү. Кыргызстандын акыйкатчысынын алдында түзүлгөн комиссиянын тыянагына караганда Ноокат окуясы боюнча камакка алынгандар сабоолорго, кыйноолорго кабылган. Ноокат окуясы боюнча 27-октябрда сот жообуна тартылгандарга Кылмыш Кодексинин массалык баш аламандык уюштурду, Конституциялык түзүлүшкө кол салды, улут жана диндер арасына чок салды деген өңдүү беренелер боюнча айып тагылган. 1998-жылдын 1-октябрында белгиленген Орозо айттагы баш аламандык боюнча кылмыш жообуна 32 киши тартылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG