Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:38

Бүгүн Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча ишти кароону улантат


Алардын укуктарын 9 адвокат коргоодо. Коллегиянын отурумуна соттолгондордун тарапкерлеринен тышкары эл аралык байкоочулар катышууда. Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча сот жообуна тартылган 32 кишинин 22синин арызын кароону кечээ баштаган. Коллегия алгачкы отурумунда адвокаттардын негиздемелерин, жабырлануучуларды укту. Бүгүн укук коргоочуларды угат деп күтүлүүдө. Укук коргоочулар райондук жана облустук соттор одоно мыйзам бузууларга барган деп, соттолгондордун баш коргоо чарасын өзгөртүү, ишти кайра кароо зарыл деп жатышат. Өткөн жылы 1-октябрдагы Орозо айт маалында Ноокатта болгон баш аламандыктан кийин Мамлекеттик түзүлүшкө кол салды деген негиз менен 32 кишиге оор жазалар чектелген. Алардын экөө аял, экөөнүн психикалык саламаттыгы канагаттандырарлык эмес, экөө жашы жете электе камакка алынышкан дешет укук коргоочулар. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG