Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Нөшөрлөп жааган жаандан Сүлүктү, Кара-Кулжада үйлөрдү сел каптады


Бул тууралуу билдирген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 14-майда кечке маал Кара-Кулжа районунда Кара-Кочкор айылында сел жүрүп ондогон үйлөрдү каптап, көпүрөлөрдү, көптөгөн үй жандыктарын алып кеткен. Ал жерде үч үй авариялык абалда, он чакты үй көзөмөлдө. Сүлүктү шаарында дагы ондогон үйдү сел каптаган. Бир адам селде калып куткаруучулар убагында жардам көрсөтүп сактап калган. Ал учурда ооруканада, медициналык жардам көрсөтүлүп абалы дурус. Учурда ал жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүнүн куткаруучулар тобу жардам көрсөтүп, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG