Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Бишкек мэриясы “Азаттык” кыймылына акция өткөрүүгө жообун берди


“Азаттык” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун билдирүү катына биринчи вице-мэр М.Исмаилов жооп жолдогон. Анда, “Сизди Горький атындагы сейил бакта 2009-жылдын 18-майында саат 11.00дөн 13.00гө чейин тынч жыйын өткөрүү жөнүндө билдирүүңүздү карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын тынч, куралсыз чогултуу, митингдерди жана демонстранцияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө” мыйзамынын 3-статьясына жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 2-октябрындагы №436 токтомуна ылайык сиздер тараптан коомдук тартипти сактоо боюнча кепилдикти аткарганда бул акцияны өткөрүү мүмкүн экендигин билдиребиз”,-деп жазылган. Азаттык” үналгысынын угармандар кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун билдиргенине караганда, нааразылык иш-чара 18-майда Бишкектеги Максим Горький атындагы аянтта өткөрүлүп, бийликке “Азаттык” үналгысын республиканын баардык аймагында УТРК аркылуу обого чыгаруу талабын коюшмакчы. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG