Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Жалал-Абат облустук бийлиги коопсуздук маселесин талкуулады


Кеңешме Шамалдуу-Сай чек ара бөлүгүнүн имаратында өттү. Алдын ала анда чек ара маселеси да каралат деп маалымдалган. Бирок кылмыштуулуктун абалы талкууланып бүткөндөн кийин губернатор Кошбай Масиров журналисттерди жыйын өтүп жаткан залдан чыгып кетүүнү өтүндү. Баяндамада айтылгандай, төрт айда кылмыштуулук облуста былтыркыдан 16 пайызга аз катталган жана өзгөчө оор кылмыштар жогорулап кеткен, мал уурулук өсүп кетип 200гө жакын уй табылган эмес. Дайынсыз жоголгон 99 адамдын 78и табылган. Маңзаттарына каршы күрөш алымсындырбайт. Баңги соодагерлери Ош облусуна караганда бир кыйла кем кармалган деп айтылды бүгүнкү баяндамада. (YA)

XS
SM
MD
LG