Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Өзбекстандын Сох анклавындагы чек арачылары кыргыздарга ок атышты


Баткендеги Кыштут айыл өкмөтүнүн кызматкерлери «Азаттыкка» билдирген маалыматка караганда, 15-май күнү түштөн кийин район борборунан Таян айылына бараткан жеңил автоунаадагы жүргүнчүлөргө карай өзбек чек арачылары үч ирет ок атышкан. Ок автоунаанын астыңкы айнегине жана дөңгөлөгүнө тийген. Жүргүнчүлөрдүн ичинен эки аял өтө коркуп калгандыктан, кан басымы көтөрүлүп Таян айылдык оруканасына жеткирилген. Бул окуядан кийин жакынкы беш айылдын кыргыз атуулдары чогулуп келген мезгилде өзбек чек арачылары качып кетишкен. Бул маселе боюнча Баткен жана Өзбекстандын Сох райондук жетекчилиги кечинде жолугушуу өткөрүшкөн. Учурда окуя болгон жерге кыргыз айылдарындагы бир нече тургундар чогулуп жатышат. (JsA)

XS
SM
MD
LG