Санактар премьер-министр Манмохан Сингх жетектеген бийликтеги альянс алдыда баратканын көргөзүүдө. Бирок Улуттук конгресс абсолюттук көпчүлүккө ээ боло албасы да айкын болду. Саясий партияларга коалициялык өкмөт куруу үчүн 2-июнга чейин убакыт берилет. Бир нече айлампа менен өктөрүлгөн шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 60 пайызы катышканы маалымдалууда.