Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Аба ырайы


Аба ырайын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсү боюнча, 18-19-майда өлкөнүн тоолуу аймактарында тынымсыз жааган жамгырга байланыштуу сел жүрөт, ошондой эле Бишкек-Ош автожолунун 198ден 265чи чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлөт.
17-майда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30 даража.
Баткен аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23..+28 даража.
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28 даража.
Ош, Жалал-Абат өрөөндөрүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30 даража.
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21 даража.
Нарын дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21 даража.
Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +27…+29 даража.

Күңдүн узактыгы 14 саат 42 мүнөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG