Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Апта: Чектин чечмелениши, АКШнын чоңойгон “токочу”...


Кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан Чек айылындагы кыргыз жарандары.
Кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан Чек айылындагы кыргыз жарандары.

Узап бараткан аптада Жалал-Абаддагы Чек айылынын айланасында чатак уланды. АКШ Кыргызстанга берилчү жардамын көбөйткөнү айкындалды. Президенттикке талапкерлер активдүү кол топтоого киришти.


Чек айылындагы чек ара жаңжалы

Кыргызстан жакынкы тарыхында чек арага байланыштуу төртүнчү ирет ири чатакка кабылып олтурат. Белгилүү болгондой алгачкы ирет чек ара чатагы Сох анклавына байланыштуу чыккан. Коомчулуктун каршылыгынан өкмөт Сох боюнча Өзбекстан менен 2001-жылы түзүлгөн жашыруун меморандумдан баш тартууга аргасыз болгон. Андан кийин айтылуу Үзөңгү-Кууш, Каркыра жайлоосуна байланыштуу чатактар чыкты. Үзөңгү-Кууштун чатагы Аксы каргашасына, Аксы каргашасы 2005-жылы ыңкылап жана анда Аскар Акаевдин качуусуна алып келген.

Талдоочулар Кыргызстан чек арасын аныктоодо түштүк региондо өтө олуттуу татаалдыктарга туш болоорун, анткени бул региондо чек ара сызыгы айылдардан, короолордон, кээ бир учарларда үйлөрдөн өтөөрүн белгилешкен.
Мына ошондой татаалдыктын башаты Ноокен районунун Чек айылында байкалды окшойт. Жалал-Абад облусунун губернаторунун мурунку биринчи орун басары, чек араны аныктоо боюнча комиссиянын мүчөсү Жаныш Курбановдун маалыматы боюнча, Чек айылынан өткөн чек ара тилкеси 2000-жылдардын баш чендеринде эле эки тараптуу комиссия тарабынан аныкталган. Бирок азыркы мезгилде Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Анжиян жана Наманган облустарынын ортосунда 21 талаштуу
участок бар дейт Курбанов:

- Бизде талаш жер делген 21 бир участок бар. Бир жагынан Анжиян, Наманган, экинчи жактан Жалал-Абад облустарынын ортосунда чечиле элек. Алардын ичинде эки гана жер облус борборуна жакын жерде. Калгандары Аксы менен Ала-Букада.

Чек айылынан өткөн чек ара сызыгын эки өлкө акыр аягына чейин аныктап алды деп айтууга болбойт. Болгону тараптардын жумушчу комиссиясы, андан кийинки тепкич болгон өкмөттүк комиссия чек ара өтө турган сызыкты макулдашкан. Чек ара делимитацияланды деген статуска ээ болуш үчүн өкмөт жактырып, андан кийин парламент кароосунан өтүп, президенттер мыйзамдарга кол коюп, ноталар алмашылууга тийиш. Мына ошондон кийин чек ара делимитацияланды деп эсептелет.

Бирок Өзбекстан өкмөттүк комиссиялар аныктаган аймакка аскер жайгаштыруу менен эл аралык мыйзамдарды бузууда, ошондой болсо да алар аскерлерин жумушчу комиссия аныктаган өздөрүнүн гана аймагына жайгаштырды дейт өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов:

- Түштүк регион боюнча делимитация бөлүмү бар. Ошонун башчысын жиберип, карта, документтер менен тактап келген. Өздөрүнүн эле жеринде турат дейт. Бирок мурдагы тереңирээк жерден бер жакка жылдырып келиптир да.Бирок өзүнүн жеринде. Анан ошол элге тынчтык бербей, эмне болду деп жатышат. Мага карта, схемасы келди. Карап көрсөм баары жайында эле экен.

Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы жергиликтүү бийлик башчылары аныкталган чек ара сызыктары боюнча маалыматы жоктугу, ошого жараша өз убагында жергиликтүү калкка маалымдоо иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн сынга алды.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу тууралуу айта кетсек, ал 1377 чакырым келет. Анын 1035 чакырымдан ашууну эки тараптуу комиссия тарабынан макулдашылган. Макулдашыла элек тилкеде 60ка жакын талаштуу жерлер бар.

АКШнын Кыргызстанга камдаган «токочу» чоңойду...

Чек чатагы ырбаган жумада океандын ары жагынан Кыргызстанга Манас базасы боюнча кызматташууларды улантуунун белгилери ачыгыраак бериле баштады. Алгач АКШнын Сенаты Манастын навигациялык системасын жаңылоо үчүн 30 миллион доллар бөлүп, бирок ал каражат АКШ Манас аба майданына учуп-конуу укугунан ажырабаса гана берилет деген шарт койду. Буга улай эле 1-октябрдан баштала турган жаңы финансылык жылында АКШ Кыргызстанга экономикалык жардамын көбөйтөөрү кабарланды. Маселен, эгерде азыркы финансылык жылда АКШнын Кыргызстанга жардамы 24 миллион доллардан ашуун болсо, келерки жылга 41.5 миллион доллар бериле турган болууда. АКШ баш болгон батыш өлкөлөрү үстөмдүк кылган Эл аралык валюта фонду да Кыргызстанга кризис каатчылыгын басаңдатуу үчүн 100 миллион доллар насыя бөлөрүн жарыялады.

Мындай ишааралар менен АКШ Манас аба майданын пайдаланууну улантууга кызыкдар экенин билдирүүдө дейт жергиликтүү талдоочулар. Ал эми Манастан америкалыктар кыргыз бийлигинин чечимине ылайык 18-августка карай чыгып кетүүгө тийиш. Ага чейин туура үч ай бар. Кыязы, мына ушул мөөнөттүн ичинде эки тарап база боюнча сүйлөшүү жүргүзүшү ыктымал. Ал эми кыргызстандык талдоочулар эки тарап азыркы мезгилде жашыруун түрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деп эсептейт. Андай сүйлөшүүнүн формасы, ыкмасы тууралуу саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай пикирин айтты:


- Бул эми мындай болот: биздин тигил жакта элчи бар, Мамлекеттик департамент менен ал жерде болот. Бул жерде элчилик биздин Тышкы иштер министрликке келип, ошондой сүйлөшүүлөр болот. Анан коомчулуктан жабык зона бар. Сүйлөшүүлөр мына ошол зонада жүрө берет. Андай сүйлөшүүлөр болуп атканынын белгилери бар. Ал болуп атканы көрүнүп эле турат. Бирок деталдары чыгышы кыйын да атайын билдирүү бермейинче.

Ошол эле мезгилде Манас боюнча америкалыктар кыргыз өкмөтү менен макулдашууга жетишпесе, башка жерге, маселен Өзбекстандын Навои шаарынын аба майданына аскерий учактарын көчүрүшү толук реалдуу дейт Молдалиев. Бирок Навои аба майданынын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ал Манастын деңгээлине жетпейт. Ошондуктан америкалыктар Манаста калууга көбүрөөк кызыкдар болууда.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов базанын калышы Кыргызстан үчүн кай жагынан керектүү экенин мындайча түшүндүрдү:

- Буерде биринчи кезекте биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды карашыбыз керек. Бизде түбөлүк дос дагы, душман дагы болбош керек. Түбөлүк өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктар болуш керек. Ошол жагынан караганда, Ооган деген бул Кыргызстанга, жалпы Орто Азияга коркунуч туудуруп турат. Ошондуктан улуттук кызыкчылыгыбыз ушул Ооганстанда мыйзамдуулук орноп, мамлекеттүүлүк күчүнө келип, баңгизаттан, куралдан, террорчулуктан эл кутулуш керек. Ошого аракеттенип жаткан эл аралык уюмдарга биз да киребиз. Ошондуктан Американын, коалициянын күчтөрүн биз колдошубуз керек.Эгерде Ооганстанда тартип орнобосо, эртели-кеч бизге өтө чоң коркунуч келет.

Расмий бийлик өкүлдөрү Манастагы база боюнча чечим кабыл алынганын жана аны өзгөртүү боюнча эч кандай чаралар көрүлүп жатпаганын билдирүүдө. Анын үстүнө базаны чыгаруу боюнча чечим кабыл алынаар алдында Москвада жетишилген келишимдер Кремль тарабынан аткарылууда. Маселен, Россия Кыргызстанга 150 миллион доллар грантты, андан кийин 300 миллион доллар жеңилдетилген насыяны которуп берди. Азыркы мезгилде тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн акционердик коом түзүүнүн үстүнөн иштөөдө. Акционердик коом түзүлсө, ага 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлүү жагы чечилмекчи.

Шайлоо кампаниясы

Мына ушундай чек ара чатагы, геосаясий кыйчалыш шартта башталган Кыргызстандагы президенттик шайлоо кампаниясы күчөп келатат. Шайлоого талапкер катары катышам деп арыз берген жарандардын саны 13 жетти. Акыркылардан болуп Токтайым Үмөталиева, Азамат Уламаев, Кутманбек Эшенбаев, Жаныбек Сүйүналиев аттуу инсандар президенттик таймашка түшүү ниетин билдиришти.

Бириккен Элдик Кыймыл менен “Ак шумкар” партиясы өтүп бараткан жумада ажырашуу жараянын аяктады окшойт. Анткени БЭКтин 13-майдагы жыйынында Темир Сариев маселесин эми көтөрбөөнү чечти. Азимбек Бекназаров Темир Сариев жыйынга да
чакырылбаганын билдирди:

- Ал чакырылган жок. Анткени Сариевге өткөндө эле чечим чыгарылып коюлган. Бүгүн дагы ошол маселеге кайрылалы деген сунуш болду эле, маселени добушка коюп чечтик. Ал боюнча мындан кийин Сариев жөнүндө сөз кылбайлы, Сариев өзү чечкенден кийин анын чечимин сыйлалы деген жыйынтыкка келдик.

Курманбек Бакиев үчүн да кол топтолуп жатканын «Ак жол» партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Табылды Орозалиев бидирген эле:

- Бүт региондордо даярдыктар жүрүп жатат. Биз мыйзам белгилеген мөөнөттөргө үлгүрүшүбүз керек, ошол мөөнөт ичинде БШКга тапшырышыбыз керек деп иштеп жатабыз. БШКнын календардык планына жараша мыйзамдын негизинде иш жүрүп атат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын календарлык планына ылайык талапкерлер 2-июнга чейин кеминде 50 миңден, анын ичинде ар бир региондон кеминде 3 миңден кол топтоп тапшырууга тийиш. Ал эми талапкерлер шайлоо фондуна 50 миллион сомдон көп эмес акча сала алышат. “Азыркы мезгилге карай 4 талапкер гана шайлоо фондуларына 100 миң сомдон салышты. Алардын аты азырынча аталбайт”,- дейт БШКнын мүчөсү Жамиля Алымбекова.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG