Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Аксыда эркин гезиттерди тартып алуу аракети жасалды


Окуя Аксынын Кара-Суу айылында түн оогондо болду. Райондун тартип сакчылары жана коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү уруксаты жок мурдагы айыл өкмөт башчынын үйүнө киришкен. Алар Кадыркул Өмүрбековго тиешелүү автоунаада турган «Ачык саясат» жана « Айгай» гезиттерин алып кетүүгө аракеттенишкен. Ал жарандык укугун бузганы үчүн сотко кайрылаарын жана демократиялуу өлкөдө жашаарын түшүндүргөндөн кийин саат бирден 15 мүнөт өткөндө келгендер саат эки жарымда түшүнүк кат жазып кетишкен. БЭКтин Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүр жана Шамалдуу-Сай аймактарындагы координатору Кадыркул Өмүрбеков аталган окуяны уюмга жана адам укугуна кысым жасоо катары баалады. Бул тууралу ал “Азаттыкка” 17- майда кабарлады. Жекшемби күн болгондуктан тармактык уюмдардан окуяны ырастаган маалымат ала албадык. (YA)

XS
SM
MD
LG