Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:04

Грузия менен Орусия бүгүн сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрөт


Женевада өтүүчү сүйлөшүүлөр коопсуздук, гуманитардык жардам маселелерине арналган жана эки өлкөнүн мамилесинде былтыркы кыска согуштан кийин пайда болгон чыңалууну басаңдатуу максатын көздөйт. Бүгүн башталуучу эки күнкү жыйын сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы, ага Евробиримдик, ЕККУ жана Улуттар уюму ортомчулук кылмакчы. Сүйлөшүүнүн буга чейинки айлампасы февралда өткөн эле. Андан бери Грузия менен Орусиянын алакасы бир катар маселелерден улам, анын ичинде НАТОнун Грузияда өтүп жаткан машыгууларына байланыштуу кайрадан чыңала түштү. Былтыр августа болгон кыска согуштан кийин Орусия Грузиянын жикчи аймактары катары эсептелген Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган. Абхазия тарап сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасына катышпай турганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG