Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Израилдин премьер-министри Вашингтондо АКШ президенти менен жолугат


Жөөт өкмөт башчысынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Узи Араддын айтымында, бүгүн Биньяминь Нетаньяху Барак Обама менен Иран өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербөө маселесин талкуулоону белгилөөдө. Премьер-министрдин кеңешчиси белгилегендей, Ирандын аскерий кубатын такай чыңдап жатуусу Израилди тынчыздандырат. Мурдараак Израилдин лидерлери Ирандын өзөктүк жайларына сокку уруу мүмкүнчүлгүн жокко чыгарган эмес. Ал эми Ак үйдөгү бүгүнкү жолугушууда, Рейтер, Ассошейтед Пресс агенттиктери кабарлагандай, премьер- министр Нетаньяху жөөт-палестин чатагын кош мамлекет жолу аркылуу жөнгө салууну, башкча айтканда көз карандысыз палестин мамлекети түзүлүүсүн колдоор –колдобосу белгисиз. Жөөт өкмөт башчысынын кеңешчиси Узи Арад бул тууралуу айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG