Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

АКШ президенти менен Израиль өкмөт башчысынын жолугушат


Биньямин Нетаньяху Барак Обама менен бүгүн Вашингтондо жолугат. Жөөт өкмөт башчысынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Узи Араддын айтымында, Биньяминь Нетаньяху Барак Обама болуучу сүйлөшүүлөрүндө Ирандын өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербөө маселесине көңүл бурууну пландоодо. Премьер-министрдин кеңешчиси белгилегендей, Ирандын аскерий кубатын такай чыңдап жатуусу Израилди тынчыздандырат. Мурдараак Израилдин лидерлери Ирандын өзөктүк жайларына сокку уруу мүмкүнчүлгүн жокко чыгарган эмес. Иран болсо өзөктүк программасы өзөктүк курал жасоого багытталган деген ырастоолорду четке кагып келет.

Ал эми Ак үйдөгү бүгүнкү жолугушууда, Рейтер, Ассошейтед Пресс агенттиктери кабарлагандай, премьер-министр Нетаньяху жөөт-палестин чатагын кош мамлекет жолу аркылуу жөнгө салууну, башкча айтканда көз карандысыз Палестин мамлекети түзүлүүсүн колдоор-колдобосу белгисиз. Жөөт өкмөт башчысынын кеңешчиси Узи Арад бул тууралуу айтуудан баш тартты. Израилдин азыркы өкмөтү көз карандысыз Палестин мамлекетинин курулуусуна макул экендиги боюнча азырынча коомчулук алдында айта элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG