Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Пакистан армиясы элди Сват өрөөнүнүн башкы шаарынан кетүүгө чакырууда


Армия командачылыгынын айтымында, учурда Мингора шаарынын айланасында аскерлер менен талиб согушкерлер ортосунда айыгышкан атышуулар жүрүүдө. Андыктан, бийлик жана армия Мингорада калган жергиликтүү тургундарды шаардан кетүүгө үндөп жатат.

Пакистандын коопсуздук күчтөрү бул өрөөндө Талибанга каршы чабуулун үч апта мурда баштаган эле. Буга талиб согушкерлеринин февралда жетишилген талаштуу тынчтык келишиминин соңунан өрөөнгө коңшу эки райондо да өз көзөмөлүн орнотууга аракеттенип, башкаала Исламабаддан 100 чакырым гана аралыкта турган районго чейин кирип баруусу түрткү берген. Пакистандын ички иштер министри Рехман Маликтин айтымында, уруш башталгандан бери 1000ден ашуун согушкер жок кылынды, бирок бул маалымат азырынча башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек. БУУнун качкындар иши боюнча мекемесинин эсебинде, уруштан улам Сват өрөөнүнүн 500 миңдей тургуну үй-жайын таштоого аргасыз болду. Буга былтыркы уруштардын учурунда жер которгон 500 миң адамды кошкондо, Пакистандын түндүк-батышынан чыккан качкындар саны 1 миллионго жетип калды.

XS
SM
MD
LG