Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Чек арада кырдаал өзгөрүүсүз


15-майда өзбек чек арачыларынын курал колдонуусуна байланыштуу кыргыз тарап Баткен районундагы Кызыл-Кыяк жергесине убактылуу “Кызыл-Кыяк” чек ара бекетин орнотту. Ал эми өзбек тараптын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти. 16-майда Фергана облусунун акиминин орун басары эл менен жолугушууда чек арачылардын мыйзамсыз ок чыгаруусу үчүн кечирим сураган. Эл өз кезегинде өзбек тарап чек ара бекетин алышын өтүнгөн. Бирок алар маселе Ташкен менен макулдашыларын билдирген. 17-майда Кызыл-Кыяк айылынын 50гө чукул тургундары чогулуп, чек ара бекеттеринин коюлушуна нааразылык билдирген. Учурда Кыргызстан чек ара кызматынын түштүк регион боюнча башчысы, полковник А.Нишанов бул маселени чечүү үчүн өзбек тараптын чек ара кызматы менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракеттенүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG