Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Бүгүн Жогорку Сотто Ноокат окуясы боюнча сот жараяны улантылат


Жогорку Cотто Ноокат окуясы боюнча соттолуп жаткан 22 адамдын аппеляциялык арызын кароо 14-майда башталган. Алардын коомдук жактоочулары Жогорку Соттон Ноокат райондук жана Ош облустук сотторунун чечимин жокко чыгарып актоону өтүнүшүүдө. Мамлекеттик айыптоочу Башкы прокуратуранын өкүлү болсо бул иш мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, коомдук тартипти бузгандар жоопко тартылуусу керектигин айтты. Өткөн жылы 1-октябрда айт намазында Ноокатта 32 адам тополоң уюштурган делип айыпталып 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG