Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Британиянын парламент төрагасы кызматынан чегинбейт


Эгер Майкл Мартин кызматтан чегинсе, Британиянын акыркы үч жүз жылдык тарыхында мына ушундай кадамга барган биринчи парламент төрагасы болмок. Аны төрагалыктан баш тартууга парламенттин 15 депутаты чакырган эле. Премьер-министр Гордон Браундун бийликтеги Лейбористтик партиясынын мүчөсү катары эсептелген төрага парламент депутаттарынын чыгымдарын төлөп берүү системасын реформалоо зарыл деген эскертүүлөргө көңүл бурбай койгону үчүн сынга алынууда.

Жакында “Дейли Телеграф” гезити британ парламентарийлери өз чыгымдарын казынадан кантип кайтарып алгандыгы боюнча маалыматтар топтомун жарыялаган эле. Депутаттар казынадан итинин тамагынан тартып, шейшеп сатып алганга чейин кеткен акчасын кайтарып алгандыгы коомчулуктун кыжырдануусун жараткан.

XS
SM
MD
LG