Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

АКШнын вице-президенти Балкан чөлкөмүндөгү сапарын баштады


Жо Байден бүгүн эртең менен Сараевого келди. Ал бул жерде Евробиримдиктин тышкы саясатты тейлеген жогорку өкүлү Хавьер Солана менен бирдикте Босния-Герцеговинанын лидерлери менен жолугат жана Босниянын парламентинде сөз сүйлөйт. Ал эми эртең Сербияга бармакчы. Вице-президент Жо Байдендин Белграддагы сапары өлкөгө акыркы чейрек кылымда АКШнын эң жогорку даражалуу өкүлүнүн алгачкы ирээт келиши болот. 1983-жылы ал кездеги Югославияда АКШнын ошол кездеги вице-президенти Жорж Буш болгон. Балкандагы сапарынын алкагында Жо Байден бейшемби күнү Косового барат. Вашингтон Косово былтыр февралда Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялоосун колдогон.

XS
SM
MD
LG