Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Шри Ланка “Тамил жолборсторуна” каршы согушун аяктады


Өлкөнүн коргоо министри Готабхайа Ражапаксе президент Махинда Ражапаксага “Тамил жолбостору” тобунун козголоңчуларына каршы согуш “ийгиликтүү аяктап”, алардын карамагындагы арал толугу менен өкмөттүн көзөмөлүнө өткөнүн салтанаттуу жагдайда айтканы теледен көргөзүлдү.

Шри Ланка президентинин маалымат катчысынын айтымында, Тамил жолборсторунун лидери Велупиллай Прабхакаран өлтүрүлгөн. Отуз жылга созулган урушун аяктаганын өткөн ишемби күнү “Тамил жолборсторунун” өзү да моюнга алган эле.

“Тамил илам" боштондук жолборстору" деген уюм Шри Ланканын түндүгүндө жана түндүк-чыгышында тамилдердин көз карандысыз мамлекетин түзүү максатында 1976-жылы уюшулган. Өкмөттүк күчтөр менен андан берки кагылыштарда 70 миңден ашуун бейжазык адамдын өмүрү кыйылды деп эсептелинет.

БУУнун качкындар иши боюнча мекемесинин маалыматтарына караганда, акыркы бир нече айдын аралыгында эле Шри Ланканын жаңжаал болгон түндүк –чыгышынан 265 миң адам качууга аргасыз болду.

Бул аралыкта АКШ Шри Ланканын бийликтерин өлкөдө калктын азчылыгын түзгөн тамилдер менен диалог орнотуп, өлкөнүн баардык жарандарынын укугун коргоочу механизм түзүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG